super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Индияда өтүп жаткан IX эл аралык фармацевтикалык көргөзмөгө барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Индияга болгон иш сапарынын алкагында Хайдарабад шаарында өтүп жаткан Индиянын 9-эл аралык фармацевтикалык көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Байсалов Индиянын алдыңкы фармацевтикалык компанияларынын жана бир катар өндүрүштүк ассоциацияларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында өндүрүш ишканаларын ачуу аркылуу активдүү кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында түз келишимдер аркылуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн түзүлгөн “Кыргызфармация” жаңы мамлекеттик ишканасынын ачылышы боюнча тегерек стол уюштурулду.

"МинКаб төрагасынын орун басары ошондой эле Индиянын Телангана штатынын жетекчилигинин чакыруусу менен стартаптар, венчурдук компаниялар, корпорациялар, өкмөттөр жана академиялар чөйрөсү ортосундагы кызматташууга көмөктөшүүчү “T-Hub – стартап-экосистем” инновациялык технологиялар боюнча алдыңкы мамлекеттик борборго барды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Хайдарабад Индиянын бешинчи чоң шаары. Ал Индиянын IT индустриясынын борбору болуп саналат, мында дүйнөдөгү алдыңкы технологиялык компаниялар жана фармацевтикалык өнөр жайлар жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: