super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Катардын элчисин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымаитка ылайык, Садыр Жапаров жакында эле Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында гана эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта тарыхый мааниси бар Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапарын уюштуруудагы элчинин чоң салымын белгиледи.

Президент бул сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырууга эки тараптын умтулуусуна басым жасап, жаңы деңгээлге чыккан кыргыз-катар кызматташтыгын белгилеп өттү.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин 25 жыл аралыгында саясий кызматташтык активдүү жүргүзүлүп, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлар жана бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн баса белгиледи.

Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайти мсамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын бардык жылдарында ал өлкөдө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген колдоону жана достук мамилени сезгенин белгиледи.

Элчи эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, президент Жапаровдун кыргыз-катар мамилелерин чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалады.

Тараптар өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: