Президент "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасына барды (сүрөт)








Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда борбор калаадагы "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ишкананын ишмердиги, өндүрүш технологиясы менен таанышып, жетекчилик менен иштин өзгөчөлүктөрүн талкуулады.
"Наабайкана муниципалдык социалдык объектилерди жана мекемелерди, атап айтканда, бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды жана калктын социалдык аялуу катмарын нан азыктары, кондитердик жана башка жеткиликтүү баадагы продукциялар менен камсыз кылат. Ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал өндүрүлгөн нан азыктарынын жогорку сапатын камсыздайт.
Ишканада өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 20 миң даанага чейин нан чыгарган нан бышыруучу жабдуулар иштейт. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында ишканада 83 тонна нан өндүрүлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө өндүрүштүк кубаттуулуктун 25-30 пайызын гана иштеп жатат. Наабайкана өз ишин чарбалык эсептөө жана өзүн-өзү каржылоо шарттарында жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.
Президент Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына муниципалдык наабайкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле ал мамлекеттик түзүмдөргө, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо объекттерине, ички иштер органдарына жана башкаларга өз муктаждыктары үчүн продукциясы кепилденген сапатка жана жеткиликтүү баага ээ болгон "Бишкекнаабайкана" ишканасынан нан азыктарын сатып алууну тапшырды.

