super.kg logo

Григорий Лепс Кыргызстандагы концертинин болбой калгандыгынын себебин айтты

 

Орусиянын Эл артисти Григорий Лепс "Говорит Москва" радиосуна берген маегинде Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда концерттеринин токтотулушу анын "СВОдогу позициясына" байланыштуу экенин айтты.

"Ал жактагылардын көбү жакшы адамдар, кээ бир ашынган солчулдарга же ашынган оңчулдарга 20 доллар төлөнүп берилген. Ошондуктан алар аракет кылып жатышат. Бирок концерт болбосо деле мага баары бир. Мындан тышкары, алар өз өлкөсүнүн кожоюндары. Кимди киргизет, кимди киргизбейт өздөрү билишет. Бирок бул кылган кылыктары музыкага эч кандай тиешеси жок, музыка саясаттан тышкары болушу керек. СВО үчүн эртең мага дүйнөдөгү бардык жерлерге саякаттоого тыюу салса деле мен өз өлкөмдө гана иштейм деп сыймыктанам жана кубанам", - деди Григорий Лепс.

Эске салсак, 6-июлда уюштуруучулар орусиялык ырчынын Чолпон-Атадагы концерти болбой тургандыгын жарыялашкан.

Ырчынын концерти эмне себептен токтотулгандыгы азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.07.2023. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Украин элинин өлүмүн тилеген адам ырчы болбой эле койсун. Бул ырчы эмес эле террорист турбайбы.
08.07.2023. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыргызстанда концерт берип анан Украинада болуп жаткан согушка миллион сом колдоо катары берем" деп интервьюсу чыкты Лепстин. Кыргыздардан акча таап анан украиндерди кырганга салат экенда бул кайран шер. Ошондо кыргыздар дагы согуштун колдоочусу болуп калмакпызда! Элибиздин колу канга бойолбосун! Бул путиндин согушу Кыргызстандын согушу эмес! Жарандык коом күчтүү бизде! Кыргызстандын жарандык коому менен сыймыктанамын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: