super.kg logo

Өзбекстанга аткезчилик жол менен тамеки алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

 

Өзбекстанга аткезчилик жол менен тамеки алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

"4-6-июль күндөрү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Мамай" тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товарды Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган 1981-жылы туулган С.Н.Т. жана 1987-жылы туулган К.К.И. аттуу Кыргыз жарандары кармалды",- деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-беренесинин (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.

Ошондой эле атайын кызмат жарандардан ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматтар болсо, УКМКнын башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефондоруна кайрылууну өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: