"Быйыл Токтогулда суунун көлөмү 2 миллиард метр кубга аз болот". Өкмөт электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, отурумга министрликтердин, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын өкүлдөрү офлайн-онлайн форматында катышты.
Жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселеде Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы талкууланды. Быйыл 1-октябрда Токтогул суу сактагычына 14,34 миллиард метр куб сууну топтоо пландалса, аз агып келгендигине байланыштуу 12,4 миллиард метр кубга гана жетери күтүлүүдө. Демек, суунун көлөмү 2 миллиард метр кубга аз болору божомолдонуп жатат.
Мындан улам Төрөбаев электр энергиясына болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.
"Айыл башчылардан тартып, айыл аймактар, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери "Кыргызстан улуттук тармактары" ишканасы менен биргеликте электр энергиясына болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун, жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртадан сарамжалдуу пайдаланалы", - деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө бюджеттик мекемелерди, калкты отун менен камсыздоо жана аларды кышка даярдоо менен катар эле, көмүргө болгон баа саясаты каралды. Төрөбаев көмүрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча маселеге токтолуп, эгерде жеке көмүр казуучу компаниялар отунду сыртка чыгарууда ички керектөөчүлөргө бааны жогорулатса экспортко тыюу салынарын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

19:16
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.