Арабаев атындагы университеттин бир корпусунун ордуна мектеп ачылат








Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бир корпусунун ордуна мектеп ачылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров 7-июлда борбор калаанын 10-кичи районунда жайгашкан Арабаев атындагы университеттин окуу корпустарынын бирин көрүп чыкты.
"Мамлекет башчысы имараттын учурдагы абалы менен таанышып, аудиторияларды, окуу жерлерин жана капиталдык реконструкциялоого муктаж корпустун айланасын көрүп чыкты. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат, анын бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбайт.
Президент Жапаров окуу корпусунун аянтын натыйжасыз пайдаланууну эске алуу менен аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөн жаңы жалпы билим берүүчү мектеп катары жабдууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта..


