Зордукчу көпкө узаган жок
Бишкек ШИИБинин басма сөз
кызматынын билдиришинче, Кара-Балта шаарынын тургуну, 30 жаштагы айым таанышы
тарабынан күч колдонулуп зордукталганын айтып арыз менен кайрылган. Анда окуя
23-октябрь күнү болжол менен саат 6:00 чамасында Бишкек шаарынын Жумабеков
көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгондугу айтылган. Бул иш тууралуу Бишкек
ШИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тез аранын ичинде аракеттерди жасап,
кылмышка шектүү Ж.Эни изи сууй электе колго түшүрүштү. Учурда тергөө иштери
жүрүүдө.
Автор: Эльвира Караева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.