super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Монголияга жаңы элчи дайындады

 

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Артыкбаев Айбек Мухтарович Кыргызстандын Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Айбек Артыкбаев 1975-жылы 17-июнда Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. 1996-жылы Ош технологиялык университетинин экономика факультетин бүтүргөн, коммерциялык ишмердүүлүк боюнча адис. 2000-жылы Президентке караштуу Башкаруу Академиясында академиялык магистр даражасын алган. 2004-2007-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын "Юриспруденция" факультетинде окуп, бүтүргөн.

2015-жылы “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катышкан. 2020-жылдын октябрында болгон парламенттик шайлоодо "Мекенчил" саясий партиясынан талапкер болгон.

2020-2021-жылдары вице-премьер-министрдин кеңешчиси, 2021-жылдын мартынан тарта Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: