super.kg logo

Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды текшерди

 

Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, саамалык жайкы туристтик мезгил учурунда жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

"Жүргүнчү ташуучу унаалардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарынын негизги себептери болуп, айдоочулардын жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбаганды, атап айтканда, ылдамдыктын эрежелеринин сакталбагандыгы, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдө жол эрежелерин бузуусу, аралыкты туура эмес тандап алуусу болуп саналат. Ушундан улам жакында Ысык-Көл районунун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген айдоочулар арасында профилактикалык иш-чара болуп өттү. Рейд учурунда жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорттун техникалык абалына, жүргүнчүлөрдү ташуу саны менен айдоочулар тарабынан талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ишканалар да текшерилди.

"Айдоочуларды рейс алдында медициналык кароодон өткөрүүнү жана унаалардын техникалык абалын текшерүүнү кандай уюштуруп жаткандыгы текшерилди. Айдоочулардын эмгек жана эс алуу режиминин сакталышы, техникалык кароодон өтүшү, ошондой эле өзгөчө көзөмөлдүн алдында балдардын топторун ташууну ишке ашырган автобустар да текшерилип чыкты. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарынын автобекетинде станциялык курулманын жанаша аймагынан уруксатсыз жеңил унаа таксилерди жана автобустарды жөнөтүү, ошондой эле башаламан токтотмолорду жана унаа токтотуучу жайлары да текшерилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: