super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.

Расмий делегациянын курамындагылар:

Айгүл Жапарова - Президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;

Эдил Байсалов - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;

Муратбек Азымбакиев - Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Айбек Артыкбаев - Кыргызстандын Монголиядагы элчиси;

Алтынбек Максутов - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;

Умбриэль Темиралиев - Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;

Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри;

Самат Насирдинов - айыл чарба министринин орун басары;

Эмил Осмонбетов - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: