Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет





Баткенде табылган археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жакта радиоуглеродук лабораторияда антропология, геология, генетикасы боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылат.
Баткен мамлекеттик университети жүргүзгөн археологиялык казууда I жана VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, адамдын сөөктөрү табылган.
"15 адамдан турган археологиялык топ 11-июндан 22-июнга чейин 10 күндүк казуу иштерин жүргүздү. Ал Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын жетекчилигинде жасалды", - деп айтылат маалыматта.
Илимий изилдөөгө ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары, студенттери катышты.
Билим берүү министрлиги 1956-1960-жылдардан бери Баткен районунун аймагында археологиялык илимий изилдөө жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.




1 |