super.kg logo

Ошто уруксат кагаздары жок курулуштарга эскертүү берилди

 

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарга көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Замир Юсупов башында турган жумушчу топ архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы биргеликте "Керме-Тоо" муниципалдык аймактык башкармалыгынын Кулатов көчөсүндө курулуп жаткан имараттын тиешелүү уруксат кагаздары жоктугуна байланыштуу курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой тургандыгы боюнча эскертүү беришти.

"Учурда "Пик Групп" ЖЧК курулуш компаниясына таандык имараттын курулушу боюнча тиешелүү соттук териштирүү иштери жүрүп жатат, бирок ага карабастан куруу иштери улантылып жатканы аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: