Таалайбек Ибраев “акылдуу эсептегичтерди” көбөйтүүнү тапшырды




Энергетика министри Таалайбек Ибраев кечээ, 8-июлда “Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасында кышка даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында электрондук эсеп-дүмүрчөк (квитанция) системасын киргизүү, жоготууларды азайтуу жана “акылдуу эсептегичтерди” көбөйтүү маселеси талкууланды.
Таалайбек Ибраев эсеп-дүмүрчөк таратуу үчүн жылына 1300 кызматкер, 10 тонна кагаз кетип жатканын белгилеп, санариптештирүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал “Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасына кышка даярдык көрүүнү тапшырды.
Акыркы статистикага ылайык, Кыргызстанда бир жарым миллиондой абонент катталган. Алардын 300дөйүндө "акылдуу эсептегич" бар. Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токтогул суу сактагычында суунун аз экенин эскертип, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган.



1 |