super.kg logo

Алдыдагы аптада Төө-Ашуудагы тоннель күнүнө 10 саатка чейин жабылат

 

Кийинки жумада Төө-Ашуудагы тоннель күнүнө 10 саатка чейин жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алдыдагы аптада тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет.

"Учурда тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, чырактар орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, бетон плиталарды алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды. Министр Тилек Текебаев жаңы асфальттоону 2 жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик жолдун жабылуу убактысы кийинчирээк айтыларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.07.2023. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өткөндө айттын алдында өттүм туннелден берки жагы 4,5 км аркы жагында 4,5 км пробка 3,4 саатап араң өттүк ичине кирсең 2 киши иштеп атат 1оосу телефон чукулап отурган экен аа деп өткөм Ошол жерге 4,5 бригаданы алып барса болбойбу дейм да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: