super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Монголиянын президенти менен расмий жолугушуу аземи болду

 

Бүгүн, 9-июлда Улан-Батор шаарында өлкө башчы Садыр Жапаровдун Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, "Сухэ-Батор" аянтындагы мамлекеттик сарайга келген президент Жапаровдун кортежин Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тосуп алды.

"Аянтта Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери желбиреп, Монгол империясынын биринчи Улуу ханынын жеке гвардиясынын кийимине стилдештирилген параддык формадагы атчандардын отряды тизилип турду. Өлкө лидерлери учурашкандан кийин улуттук костюмчан балдар жогорку даражалуу коноктор менен учурашып, аларга гүл тартуулашты. Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен чогуу сүрөткө түштү. Ардак кароолдун ротасынын командиринин саламдашуу рапортунан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды", - деп айтылат маалыматта.

Өлкө лидерлери Кыргызстандын жана Монголиянын расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, ошондой эле Монголияда орун алган дипломатиялык корпус менен учурашты.

"Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен бирге Чыңгызхандын эстелигине таазим кылууга бет алышты. Андан кийин мамлекеттик сарайда Садыр Жапаров ардактуу меймандардын китебине Монголия элине эң жакшы каалоо-тилектери менен эстелик жазуу калтырды, ошондой эле мамлекет башчыларынын жубайлары менен бирге сүрөткө түшүүсү болду", - деп айтылат билдирүүө.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жубайлары менен эки тараптуу жолугушуу залына өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: