super.kg logo
  Саясат  

Ошто Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө байланышкан даярдык иштери кызуу жүрүүдө

 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Айбек Жунушалиев 31-август – Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгын Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, көчмө жыйынга Эгемендүүлүк күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, президенттин Ош облусундагы өкүлү, Ош шаарынын мэри жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Атап айтканда, “Алымбек-Датка” этнографиялык комплекси, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мында 57 метр узундуктагы туу орнотуу планы боюнча курулуш иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланууда. Мында мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине карата анын эстелигин тургузуу пландалууда.

Мындан тышкары, Ош улуттук драма театрынын айланасы, Ош шаардык стадиону, ошондой эле Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Көчмө жыйынды жетектеген Айбек Жунушалиев Ош шаарынын борбордук аянтында өтүшү пландалган иш-чаралардын даярдыктары менен дагы таанышып, жыйынтыгында баардык иш-чараларга байланыштуу иштерди ыкчам жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: