super.kg logo
  Саясат  

Президенттин Монголияга болгон сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

 

Бүгүн, 9-июлда Улан-Батор шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Монголиянын юстиция жана ички иштер министрлигинин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин ортосундагы токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы менен Монголиянын Өкмөтүнүн Аткаруучу агенттигинин Ветеринария башкы башкармалыгынын ортосундагы ветеринария тармагында өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын адистештирилген инспекциясынын башкы башкармалыгынын ортосунда ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Монголиянын Башкы салык башкармалыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Архив кызматы менен Монголиянын Юстиция жана ички иштер министрлигинин Башкы архив башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы;

- Бишкек шаары менен Улан-Батор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу.

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Монголиянын Чыңгызхан музейинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: