super.kg logo

Эл артисти Реджабай Таджибаев дүйнөдөн кайтты

 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын чыгаан актёру Реджабай Таджибаев бүгүн, 9-июлда 73 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.

Реджабай Таджибаев 1950-жылы Ош шаарында туулган.

Ал эмгек жолун 1972-жылдан тарта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында драма артисти катары баштап, өмүрүнүн аягына чейин аталган театрда эмгектенди.

Өз мезгилинде таланттуу актёр катары бир топ мыкты ролдорду жаратып, табият берген таланты менен кыргыз театр искусствосуна зор салым кошту.

Реджабай Таджибаевдин кыргыз театр искусствосу үчүн кылган эмгеги бааланып, 1990-жылы ага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы, 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” жогорку наамы ыйгарылган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: