Кесиптик орто окуу жайларына тапшыруунун биринчи туру башталды
Бүгүн, 10-июлда 2023-2024-окуу жылы үчүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Учурда кабыл алуу башталгандан бери 1,5 сааттын ичинде 1 миң 495 абитуриент каттоодон ийгиликтүү өткөнү кабарланды.
КООЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу графиги:
I тур – 10-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 17:00гө чейин;
II тур –28-июль саат 8:00дөн 7-август саат 17:00гө чейин;
III тур – 14-август саат 8:00дөн 24-август саат 17:00гө чейин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.