super.kg logo

Бишкекте маалыматтык LED экраны менен заманбап аялдама салынууда

 

Борбор калаадагы Жусуп Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде демөөрчүлөрдүн колдоосу менен заманбап үлгүдөгү аялдама салынууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдама туюк болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылытуучу жабдык орнотулат. Муну менен бирге, коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак тактасы жана маалыматтык LED экран коюлат. Мындан тышкары, аялдамада Wi-Fi, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус, карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор жайгаштырылат.

Ошондой эле Биринчи май районунун администрациясы аялдамага "Коопсуз шаар" системасын орнотуп, бир нече метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюуну пландаштырууда.

Шаардык мэрия аталган долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен "Бакай Банк" ААКсы ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жол тыгындарын жоюу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн аялдама жылдырылып, тротуар кеңейтилген. Ошондой эле жолго жээк таштар коюлуп, жол асфальтталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: