super.kg logo

Кытайда бала бакчага кол салуудан 6 адам каза тапты

 

Бүгүн, 10-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 05:40да Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында бала бакчага кол салуу болуп, 6 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бычак менен кол салуудан 6 адам каза тапкан, алардын арасында балдардын бар экени боюнча маалыматтар азырынча айтыла элек.

"Жабыркагандардын арасында бир тарбиячы, эки ата-эне жана үч окуучу бар. Шектүү катары бир адам кармалды", — деп билдирген Гуандун провинциясынан.

Ошондой эле полиция кызматы кол салууга шектүү катары 25 жаштагы жаранды кармаганы, учурда окуянын себептери иликтенип жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, Кытайда буга чейин да мектептерде бир нече ирет бычак менен кол салуу болгон. 2022-жылы августта Цзянси провинциясында бала бакчага бычак менен кол салуу катталган. Анда 3 адам каза таап, 6 адам жаракат алган. 2021-жылдын апрель айында болсо Гуанси-Чжуан автономиялык районунун Бейлу шаарында бычак менен мушташууда эки бала каза болуп, 16 бала жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: