super.kg logo

Өлкөдө апта ичинде 191 спирт ичимдигин ичкен айдоочу кармалды

 

Кыргызстандын аймагында 1-7-июлга чейин 21 миң 36 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 245 айдоочу тиешелүү документи жок рулга отуруп, 191 айдоочунун спирт ичимдигин колдонгондугу аныкталды.

Мындан тышкары:

  • мас абалында автоунаа башкаруу - 191;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 39;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 миң 13;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 миң 431;
  • автоээнбаштык - 9;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 011;
  • жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 94.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 539 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: