super.kg logo

"Эшик-терезе ача албай калдык". Үмүт конушунун тургундары жагымсыз жытка нааразы болушту (видео)

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагындагы Үмүт жаңы конушунун тургундары тери иштеткен ишкана, мал союучу жайлардан чыккан жыттан улам эшик-терезесин ача албай калганына даттанышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылганда билдиришти.

"Тери, желим иштеткен ишкана, мал сарайлардын жытынан эшик-терезебизди ача албай калдык. Аябай сасып жатат. Айыл өкмөт тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Ишканада иштегендерге барып деле айттык, алар "билгениңерди кылгыла, жетекчибиз Түркияда" деп жооп беришет. Эми плакат көтөрүп алып баарыбыз чыгалы деп жатабыз", - дешти тургундар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






видео

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: