super.kg logo

Бишкектин Ала-Тоо конушунда заманбап спорт аянтчасы ачылды 

 

Бишкектин Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Спорт аянтчасынын ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Ленин районунун акиминин орун басары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.

Жаңы аянтча тиешелүү спорттун түрлөрү менен жабдылган. Анда футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат, чуркоо үчүн аянтчалар жана унаа токтотуучу жай камтылган. Аянтчанын жалпы аянты 0,8373 гектарды түзөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: