super.kg logo

Бишкекте капиталдык оңдоодон өткөн 3 көчө ачылат (сүрөт)

 
Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган 3 көчө ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин борбор калаадагы Менделеев көчөсү 153 Б дарегинен 139 Б дарегине чейин ирригация системасын жана жол бордюрларын орнотуу иштерине байланыштуу жабылган. Учурда ал иштер толугу менен аяктап, асфальт төшөө жана жол белгилерин коюп, жол чийиндерин чийүү иштери жасалып бүтүү алдында турат.
Ошондой эле Енисей көчөсү менен Элебесов көчөсүнөн туюк көчөгө чейинки жолду асфальттоо иштери аяктады. Жол белгилерин коюу жана жол чийиндерин түшүрүү иштери башталууда.
Мындан тышкары, Кажы-Сай чолок көчөсүн бойлой №26 үйдөн №29 дарекке чейинки аралык оңдолду. Жакында жол белгилери орнотулуп, чийиндери сызылат.
Ал эми Алай чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Мечников көчөсүнө чейинки жолдун эски асфалты сыйрылууда. Жакында жол бордюрлары жана кудуктар орнотулуп, жаңы асфальт төшөлөт.
Балыкчы чолок көчөсүндө Керимов көчөсүнөн Суворов көчөсүнө чейинки тилкеде да эски асфальтты сыйруу иштери башталганы айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: