Путин козголоңдон кийин Евгений Пригожин менен жолугушканы белгилүү болду
Владимир Путин козголоңдон кийин Евгений Пригожин менен жолугушту. Бул тууралуу Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Маалыматта, жолугушуу 29-июнда 5 күн өткөндөн кийин болуп, 3 саатка жакын созулган. Ага «Вагнер» компаниясынын командирлери да катышты. Жолугушууга жалпы бардыгы болуп 35 адам катышкандыгы айтылды.
Песковдун айтымында, президент болгон окуяга өз баасын берип, "вагнерчилердин" жумушка орношуу жолдорун сунуштады.
Эске салсак, 24-июнда Орусиядагы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын лидери Евгений Пригожиндин Москвага жасаган жүрүшүнө байланыштуу өлкөдө контр-террордук режим жарыяланган. Ал эми 26-июнда Москвада контр-террордук операцияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн бардыгы алып салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.