super.kg logo

"Быйыл турмуш жолуна аттанышмак". Татарстанда 18 жаштагы эгиздер сууга чөгүп кетти. Аны уккан ата-энеси ооруканага түштү

 

Татарстанда 18 жаштагы эгиздер сууга чөгүп каза болушуп, аны уккан эгиздердин ата-энеси ооруканага түштү. Бул тууралуу ТНВ телеканалы жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-июлда Татарстандын Азанкаевск районунда болгон. Анда 18 жаштагы эгиздер Артур жана Зария ИК дарыясына түшүп жатып, сууга чөгүп кеткен. Эгиздерди издөө иштери башталып, жигиттин сөөгү ошол эле күнү суудан чыгарылган. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суучулдары дагы кошулган.

Үч күндүк издөөдөн Зариянын сөөгү окуя болгон жерден 500 метр алыстыкта суунун бетине калкып чыккан.

Ошол эле күнү эгиздер чогуу жерге берилди. Алардын түгөйлөрү дагы болгон. Жигит ушул жылы үйлөнүүнү пландап жатса, кыз турмуш жолуна аттанмак.

Эгиздердин 66 жаштагы атасы трагедиядан кийин инсульт алып, оор абалда ооруканага түштү. Артур менен Зариянын апасы да кан басымы көтөрүлүп ооруканага жаткырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: