super.kg logo

Казакстандыктар "виртуалдуу спирт ичимдигин" ойлоп табышты (видео)

 

Казакстандык жарандар "виртуалдуу спирт ичимдигин" ойлоп табышты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Екатеринбург шаарындагы "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында Казакстандын стендинде казак жарандары "санариптүү спирт ичимдигин" көрсөтүшкөн. Анда көргөзмөнүн коноктору виртуалдык спирт ичимдигин колдонушкан.

Виртуалдык спирт ичимдиктерин татып көрүүнү каалагандар атайын нейро-кулакчын менен камсыздалат. Андан соң кулакчындан чыккан үн нерв системасына таасир берип, колдонуучу 20 секунддай эс алат. Айрым колдонуучулар аппаратты сынап көргөндөн кийин башы айланганын, андан соң бир аз убакыт эс алганын билдиришкен.

Эске салсак, бүгүн Екатеринбургда "Иннопром" эл аралык көргөзмөсү башталган, ага 35тен ашык эл аралык жана 25 аймактык делегация катышып жатат. Иш-чара 13-июлга чейин өткөрүлмөкчү.






Казакстандык жарандар "санариптүү спирт ичимдигин" ойлоп табышты (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: