super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Улан-Батордогу Чыңгызхандын музейине барышты (фото)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн, 10-июлда 2022-жылдын октябрында ачылган Улан-Батор шаарындагы "Чыңгызхан" музейине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысына музейдин жаралуу тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, хандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгызхандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти.

Музейдин өзү - эл аралык музей стандарттарына жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имарат.

Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөргө арналган тогуз залы бар. Ошондой эле музейде көргөзмө-реставрация лабораториясы, эки окуу залы, китепкана, мини-кинотеатр, "Күмүш дарак" залы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. Музей төмөнкү залдарга бөлүнгөн: Байыркы мамлекеттер, Улуу Монголия, Монгол империясы, Чыңгызхандын падышалары жана ак сөөктөрү, Аалам жана монголдор.

Ал жакка барганда мамлекет башчысы музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Президент Садыр Жапаров Чыңгызхандын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, музей фондунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: