super.kg logo

Ошто кыргыз жараны бинардык опциондо 10 миң долларын уттурду (видео)

 

Ош шаарында бинардык опциондо кыргыз жараны 10 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын уттуруп алган. Бул тууралуу Аваз Номанов аттуу жаран өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында окуянын видеосун бөлүшкөн.

Видеонун автору аталган жерди "казино" деп атап, "бул жерге чет элдин жарандары гана кирет деген эле го?" деп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле ал утулгандардын арасында кыргыз жарандарынын көп экенине нааразы болгон. Ал имараттын ичиндегилерден канча акча уттуруп алганын сураганда, бирөөсү 10 миң доллар десе, башка жаран 130 миң сом деп жооп берген.

Белгилей кетсек, бинардык опцион белгилүү бир мезгил ичинде активдин баасынын кыймылын болжолдоого негизделген санариптик келишим болуп саналат.






Ошто кыргыз жараны бинардык опциондо 10 миң долларын уттурду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: