Бишкектеги мектептердин биринде мугалимдин жансыз денеси табылды
Бишкектеги мектептердин биринде мугалимдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинен кабарлашты.
Милициянын алдын-ала маалыматына караганда, 1986-жылы туулган А.Э. өз жанын кыйган.
"5-июлда саат 09:14 чамасында милицияга билдирүү түшкөн. Анда мектептердин биринде А.Э. аттуу эркектин суицид жасаганы кабарланган. Маркумдун денесин кароо учурунда эч кандай жаракаттын белгилери табылган эмес.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.