super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров жубайы менен Монголиянын улуттук Наадам майрамынын ачылышына катышты (фоторепортаж)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ардактуу конок катары Улан-Батор шаарындагы Улуттук стадиондо өтүп жаткан улуттук Наадам майрамынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиргендей, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух куттуктоо сөз менен чыгып, Тогуз ак бунчукка таазим кылып, Наадам майрамынын башталышын расмий жарыялады.

"Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт. Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, ал улуттук кийимчен бийлер, ат жалында чеберчилик жана башка көптөгөн нерселер менен коштолду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: