Мандаттан кол жууган Исмаилов менен Алимжанов БШКны сотко берди
Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык административдик сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку 18-июлга белгиленген.
Эске салсак, 6-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов ("Ата Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун ("Альянс" фракциясы) жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгы боюнча маселени карап, аларды мандатынан ажыраткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.