"Бишкек троллейбус башкармалыгы" троллейбус айдоочуларын жумушка чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалык «Д» категориясындагы айдоочуларды жана 3 жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар троллейбус айдоочуларын жумушка кабыл алууну жарыялады.
"Жаңы баштагандар үчүн акысыз окуу жана стажировка бар, курсту аяктагандан кийин расмий ишке орношууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары башкармалык гараж бөлүмүнө АП 17ни, энерго чарбанын унааларын айдаганга айдоочулар керектигин кошумчалашты.
Белгилей кетсек, каалоочулар кошумча маалымат алуу үчүн 0312 657-590 телефонуна кайрылса болот.