super.kg logo

Бишкекте апасы, кызы жана уулу киши колдуу каза болгон окуя: Шектүү сотко алынып келинди

 

Бүгүн, 11-июлда Бишкектеги Октябрь райондук сотунда 3 адамдын киши колдуу каза болушу боюнча соттук отурум башталды.

Сотко судья Надырбек Токтосунов төрагалык кылууда. Бул кылмыш ишине шектүү сотко конвойлордун коштоосунда алынып келинди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой шектүү Ч.А. кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: