ЭЛДИК КАБАРга жооп: Үмүт конушундагы тери иштеткен ишкана жабылып, айып пул салынды



Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айыл аймагындагы Үмүт жаңы конушунун тургундары тери иштеткен ишкана, мал союучу жайлардан чыккан жыттан улам эшик-терезесин ача албай калганын айтышып, ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө 10-июлда кайрылган.
Бул боюнча бүгүн, 11-июлда Пригородное айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Шеримбеков суроолорго жооп берип жатып ишкана кечээ убактылуу жабылып, эшигине мөөр басылып, айып пул салынганын билдирди.
"Ишканага 8500 сом өлчөмүндөгү айып салынып, мөөр басылды. Мындан сырткары Экономика министрлигине кат жаздык, 2-3 күндүн ичинде буйрук келсе официалдуу түрдө текшерүү иштерин баштайбыз. Ошого жараша чечим чыгарылат.
Мурун ишкананын ордунда сүт-товар фермасы болгон. Андыктан жеке менчик ишкана болуп эсептелинет. Бара калып эле текшере албайбыз, уруксат керек", - деди Шеримбеков.

