super.kg logo

Бишкекте батирлерди тоноого шектелген жаран кармалды. Милиция андан жабыркагандар болсо кайрылууну өтүнөт

 

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде Октябрь РИИБине Р.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын 10-апрелинен 15-апрелине чейинки убакыт аралыгында Рухий-Мурас конушунда жайгашкан жеке үйлөрдүн бирин тоноп кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган Г.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Ушул жылдын 10-апрелинен 15ине чейинки аралыкта белгисиз адамдар терезенин рамасын сындырып, Рухий-Мурас конушунда жайгашкан жеке үйлөрдүн бирине мыйзамсыз кирип келишкен. Ал жерден "МР 80-13т" маркасындагы травматикалык тапанчаны, 45-ВР эки магазин патрону менен уурдап кетишкен. Тергөөнүн алкагында Сокулук районунун Орок айылында ыкчам агымдагы плиталардын астынан мурда уурдалган тапанча табылып, алынды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып, тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.

Ошондой эле тартип сакчылары кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар болсо, төмөнкү телефон номурлары боюнча кабарлоону өтүнөт: 0 (559) 102-855 же 102.






Видео:Бишкек ШИИББ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: