super.kg logo
  Спорт  

"Ак шумкарлардын" дарбазачысы Эржан Токотаев түркиялык клубга өттү

 

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев Түркиянын "Шанлыурфаспор" клубуна кошулду. Бул тууралуу аталган клуб расмий түрдө жарыялады.

"Кош келдиң, Эржан! Командабыз Кыргыз улуттук курамасынын дарбазачысы Эржан Токотаевди катарына кошту. Клуб жетекчиси Хачым Изол жалпы "Шанлыурфаспор" жамаатын жана Эржан Токотаевди куттуктайт", - деп жазды команда.

Белгилей кетсек, 22 жаштагы Эржан Токотаев акыркы жылдары улуттук курама команданын негизги дарбазачысы катары оюн алып барып келет. Ал буга чейин Казакстандын "Каспий" клубунда оюн көрсөтүп келген.

"Шанлыурфаспор" клубу өткөн сезондо Түркиянын экинчи лигасында оюн алып барып, 2-орун менен сезонду жыйынтыктаган. Ал эми бул жылы клуб Биринчи лигада оюн көрсөтөт.

Түркиянын футбол лигалары Супер лига, Биринчи лига жана Экинчи лига болуп 3 дивизионго бөлүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: