Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө мыйзамсыз курулган курулуштар буздурулууда




Бишкекте мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Абдрахманов 119 дарегинде орнотулган мыйзамсыз бастырмаларды жана кеңейтүүлөрдү буздурууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда. Анда жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн 5 бастырма алынды.
Мындан тышкары Тимирязев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү коомдук бакчанын курулушуна тоскоолдук жараткан капиталдык курулуш да буздурулууда. Күркө толугу менен кароосуз калган жана антисанитардык абалда болгон. Жалпы аянты 12х9 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, буга чейин башкармалык муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.



