super.kg logo

Кытай НАТОнун ар кандай аракеттерине каршы турарын билдирди

 

Кытайдын Евробиримдиктеги дипломатиялык өкүлчүлүгү Кытай өзүнүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун коргоого жана мыйзамдуу укуктарына, кызыкчылыктарына зыян келтире турган болсо НАТОнун ар кандай аракеттерине чечкиндүү түрдө каршы турарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын саммитинин биринчи күнүндө НАТО өлкөлөрү Кытайдын өсүп бараткан таасирине жана аскерий кубаттуулугуна биргелешип каршы турууга макулдашканын билдирген. Ошол эле учурда саммитте Кытайдын саясаты альянстын кызыкчылыктарына, коопсуздугуна жана баалуулуктарына шек келтирет, бирок ал Кытай менен өз ара аракеттенүүгө ачык бойдон калары айтылат.

Эске салсак, кечээ, 11-июлда Түркия Швециянын НАТОго кириши тууралуу протоколду мүмкүн болушунча тез арада өткөрүп берүүгө макулдугун берген. Мындан тышкары Швециянын НАТОго кирүү ниети ушул жылдын күз айларында түрк парламенти тарабынан бекитилери белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: