super.kg logo

Исландиядагы Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады (видео)

 

Исландиядагы Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 10-июлда жанар тоонун лавасы атыла баштаган. Ал Исландиянын борбору Рейкьявик шаарынан 30 чакырым алыстыкта ​​орун алган. Исландиянын метеорологиялык кызматы атылуунун аз көлөмдө экенин жана атмосферага эч кандай терс таасири жок экенин билдирген.

Учурда бийлик жергиликтүү тургундарды жанар тоого жакын барбоого чакырып жатканы айтылды. Себеби ал жерде жанар тоо газдары чогулушу мүмкүн. Жанар тоонун үч жаракасы бар. Алардын эң узуну 200–300 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Исландияда бир нече тоо-вулкандык системалар бар болгондуктан, анда активдүү жанар тоолор көп кездешет. Фаградальсфьядль жанар тоосу да үчүнчү ирет атылып жатат. Буга чейин мындай көрүнүш былтыр августта жана 2021-жылдын сентябрь айында катталган.






Исландиядагы Фаградальсфьядль жанар тоосу атыла баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: