"Суусундук көп ичүү керек". Дарыгерлер аптаптуу ысыктан сактануу эрежелерин эскертет
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттиги өлкө аймагында бүгүн, 12-июлдан 14-июлга чейин аптаптуу ысык аба ырайы күтүлөрүн билдирди.
Буга байлануштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги алдыдагы аномалдуу ысыкта ден соолукка кантип кам көрүү керек, ысык аба ырайынан кантип сактануу керектиги боюнча сунуштарын айтты.
Саламаттык сактоо министрлиги абанын температурасынын ашыкча жогорулашы адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизерин билдирди. Мындай аномалдуу ысык аба ырайында организмдин кургап калышынан жана ысык же күн өтүп кетишинен сактануу үчүн мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылуу керектигин айтты.
Ысык же күн өтүп кетишинин белгилери:
- баш айлануу, баш оору, жүрөктүн тез кагышы, жүрөк айлануу, муздак тер, бет терисинин кызарышы, алы кетүү.
- оор учурларда катуу ысыктын же күндүн таасири астында адам эсин жоготуп, дене табы 41 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Ысык өтүп кетүүнүн алдын алуу:
- баш кийимсиз күн астында көпкө туруу сунушталбайт. Чаңкооңузду салкын, бирок өтө муздак эмес суусундуктар менен кандыруу зарыл: суу, көк чай, шире, бирок эч качан спирт, кофе же сыра болбойт. Алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек. Ысык аба ырайында режимди сактоо өтө маанилүү болуп саналат - суюктук, жок эле дегенде, 1,5 - 2,5 литр, ашыкча тоюп жеген болбойт.
- бөлмөнүн температурасын көзөмөлдөө жана түздөн-түз желдеткичтин же кондиционердин астында турбаш керек.
- бөлмөнүн ашыкча ысып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жалюзи колдонуу, терезелердин ички жагына чагылдыруучу фольганы же тешикчелери бар кадимки ак кагазды жабыштыруу сунушталат.
- табигый кездемелерден (кебез, зыгыр буласынан, жибектен) тигилген жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийүү керек.
- курчап турган чөйрөнүн температурасы 25 градустан жогору болсо, оор физикалык жумуш, терапиялык массаж, жылуулук физиотерапиясы, ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат, анткени булар жүрөк-кан тамыр системасына кошумча күч келтирет.
Дарыгерлер жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен жабыркагандар дарыгердин сунуштарын так аткарып, белгиленген дары-дармектерди өз убагында ичүүнү сунуштайт. Алардын айтымында, артериалдык гипертониядан жапа чеккен адамдар кан басымын дайыма көзөмөлдөп турушу керек. Ал эми кант диабети менен ооруган бейтаптар кандагы канттын көлөмүн кылдаттык менен көзөмөлдөөсү зарыл.
Эгерде сиз жогоруда айтылган жөнөкөй алдын алуу чараларын колдонсоңуз, аномалдуу ысык аба ырайына оңой туруштук бере аласыз жана ден соолугуңуздун начарлашынан сактана аласыз.
кошулду


