9 ай ичинде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында 5,7 миллион сомдук буюм тигилген
2013-жылы 9 ай ичинде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматында
5,7 миллион сомдук буюм тигилген. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюму менен
Европа биримдигинин баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча долбоорунун отчётунда
көрсөтүлгөн.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анда 2013-жылы №2-аялдар камагынан Европа биримдигинин жана
ЮНИКОДдун каржылык колдоосу менен тигүүчүлүк өндүрүшү ишке киргизилип,
жыйынтыгында 5 миллион 727 миң сомдук товар чыгарылган. Өткөн жылы бул багытта 1
миллион 427 миң сом түшкөн.
Былтыркы жылга салыштырганда өндүрүштүн көлөмү 33,2
пайызга өскөн. Ушул жылдын октябрь
айында камалган аялдардын 142иси жумуш
менен камсыз болгон. Мындан сырткары үстүбүздөгү жылы №3-абакта нан бышыруучу цех иштей баштаган.
Наабайчынын бир айлык маянасы орто эсеп менен 2205
сом. Ал эми жүк ташуучу - 1470, тизгич – 1828 сом акы алат. Ай сайын 23 тонна нан
чыгарылып, №3-колонияга жана 50-СИЗОго жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

