Ок атуу менен коштолгон Оштогу массалык мушташ боюнча милиция үн катты
Бүгүн, 12-июлда Ош шаардык милициясы калаадагы ресторандардын биринин жанындагы калайман мушташ боюнча малымат берди.
Маалыматка караганда, жаңжал 2-июль күнү болгондугу аныкталды.
"Аталган окуя Ош ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгисиз ок атуучу куралды аткан жаран Ош шаарынын 1993-жылы туулган С.А. экендиги такталып, тергөөгө камсыздалып, травматикалык ок атуучу куралы далил буюм катары алынды. Травматикалык ок атуучу курал мыйзамдуу түрдө С.А.га катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүнкү күндө күбөлөр суралып, иликтөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарындагы калайман мушташтын видеосу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.