Бишкекте "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги инсталляцияны жана декоративдик оюларды жаңылашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын жарыктандыруучулары темир үлгүлөрүнүн тегерегине ак түстөгү 106 атайын жарык берүүчү жарыктарды орнотушту.
Мындан тышкары аталган ишкананын жумушчулары чаңдарды тазалап, жасалгаларды сырдашты.
"Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздин көчөңүздө капысынан караңгы болуп калса, сиз үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: 0312 46-30-89, 57-63-51, 0777 902-115", - деп айтылат маалыматта.