super.kg logo

"Жардан кулап кетип чыга албай калган". Ноокатта жайлоодо жоголгон жигитти дрон менен табышты (видео)

 

Ноокат районунда жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жаран дрондун жардамы менен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ош облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-июлда Ноокат РИИБине Ош шаарынын Жапалак айылынын 59 жаштагы М.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 1-июль күнү 30 жаштагы уулу Ноокаттын Көк-Бел айыл аймагындагы туугандарынын үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Арыздын негизинде тергөөгө чейинки иликтөө башталган. Текшерүү учурунда дайынсыз болуп жаткан А.уулу А. психикалык дарт менен жабыркап келгендиги жана ошол күнү талаага мал айдап келем деп кеткен бойдон кайра келбегендиги белгилүү болгон.

7-июль күнү дайынсыз жоголгон А.у.А.ны табуу максатында милиция кызматкерлеринен түзүлгөн издөө тобу жана жергиликтүү тургундар Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан жайлоого издөө үчүн жөнөп кетишкен.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Көк-Бел айыл аймагында орнотулган видео-көзөмөл камералары каралып чыгып, А. улуу А. кайсы жайлоо тарапка багыт алгандыгы аныкталган.

"Андан ары издөө иштери жайлоодо улантылган. Издөөгө алынган жайлоонун аймагы өтө чоң болгондуктан санариптештирүүнүн алкагында алынган Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалистика кызматынын дрону колдонууга тартылган. Учурулган заманбап дрондун жардамы менен дайынсыз болуп жаткан А.у.А. Көк-Бел жайлоосунда бийик жардан түшүп кетип, басууга чамасы келбей алсыз абалда калган жеринен табылды", - деп айтылат маалыматта.

Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматы менен Ноокат райондук ооруканасына жеткирилгени кошумчаланды.






Видео: Ош ОИИБ

Видео: Ош ОИИБ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.07.2023. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А улуу А эмес, А уулу А деп жаз ,автор... Табылганы өтө жакшы болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: