super.kg logo

Түркия эл аралык жана аймактык күч катары тең салмактуулук саясатын колдойт

 

Түркия Орусиядан баш тарткан жок. Анкара Москва менен расмий «айкын сүйлөшүүлөрдү» колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Орусиянын РИА НОВОСТИ басылмасы жазды.

Маалым болгондой, Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга чейин Орусия менен Түркиянын кызматташтыгы тууралуу айткан учурда пикир келишпестиктер бар экенин, бирок эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген мамиленин бир бөлүгү да бар экенин эске салды.

"Түркия Орусиядан жүзүн буруп, толугу менен Батышка бурулду деген пикир туура эмес. Түркия эл аралык жана аймактык күч катары тең салмактуулук саясатын улантат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 11-июлда Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуусуна макулдугун берип, алгач Евробиримдик “Түркияга эшиктерди ачышы керек”, андан кийин гана өлкө Швециянын альянска кирүү өтүнүчүн жактыра турганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: