super.kg logo

Ленин округунда кезексиз шайлоо 10-сентябрга белгиленди

 

Бишкек шаарындагы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-сентябрга белгиленди. Мындай маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 10-августка чейин депутаттыкка аттангандар талапкерлигин көрсөтүшү зарыл.

Эске салсак, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча буга чейинки кезексиз шайлоо 28-майда болуп өткөн. Анда алдын ала маалымат боюнча, Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Ал шайлоого катышкандардын 35,86 пайызынын добушуна ээ болгон.

Бирок 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу фактысы боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козгогон. Мыйзам боюнча, эгерде шайлоого катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.

16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: