super.kg logo
  Спорт  

"Барселона" клубу "Реал Мадридди" "жаңы Мессини" уурдады деп айыптады

 

Каталондук "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта элдешкис атаандашы болгон "Реал" клубун трансфер саясатын туура эмес жүргүздү деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Каталондук клубдун президентинин айтымында, клуб түркиялык "Фенербахче" клубу менен 18 жаштагы футболчу Арда Гүлердин трансфери тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жаткан.

"Бизде футболчу менен келишими бар болчу жана биз "Фенербахчеге" 17 миллион 500 миң евро төлөөгө даяр болчубуз. Бирок андан кийин "Реал Мадрид" сыяктуу башка клубдар келип көбүрөөк төлөштү. Биз соода согушуна кирбешибиз керек", - деген Лапорта.

Өткөн аптада "Реал" 18 жаштагы түркиялык спортчуну 20 миллион еврого "Фенербахче" клубунан сатып алган. Дал ушул трансферден кийин эле көпчүлүк футбол күйөрмандар Арда Гүлерге "жаңы Месси" деген ысымды ыйгарышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: